Бүгүндөн баштап Бишкектин төрт районунда селсаяктар үчүн жылуу жатактар иштей баштайт
Борбор калаада аба ырайынын кескин төмөндөп кеткенине байланыштуу борбор калаанын бардык райондорунда үй-жайсыз, көчөдө түнөп жүргөн адамдарга атайын жылуу жатактар уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, селсаяктарга жылуу жатактан сырткары күнүнө бир маал ысык тамак да уюштурулат. Свердлов, Октябрь, Ленин жана Биринчи Май райондорунда 200дөн ашуун кишиге эсептелген баш калка жайы 28-октябрдан тарта үй-жайсыз адамдарды кабыл ала баштайт.
Аталган жайларга медицина кызматкерлери жана милиция кызматкерлери бекитилген.
Ошондой эле Ленин районунда “Кайрымдуулук” борбору үй-жайсыз балалуу аялдар үчүн бир маал ысык тамагы менен түнөк бермекчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
aruuzat88

28.10.2014. 09:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугундон болсо керек
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.