super.kg logo
  Саясат  

Барак Обама Крымды Украинага кайтарып берүүгө жардамдашарын убада кылды

 

АКШнын президенти Барак Обама Крымды Украинага кайтарып берүүгө жардам берерин убада кылды. Бул тууралуу Обама кечээ, 27-октябрда Украинадагы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу өз пикирин билдирип жатып айтты. “Америка Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн сактоого, ошондой эле тынчтык жолу менен Крымды Украинага кайтаруу боюнча колдоону улантат”,- деди ал.

Америка лидери АКШ украин элинин демократиялык келечекти куруу боюнча чечимин колдой турганын айтты. “Орусияны колдогон жикчилдердин көзөмөлүнөн улам Донбасста көптөгөн украиналыктар кезексиз шайлоодо добуш берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышты. Бирок мындай шартка карабай өлкөнүн башка региондорунда миллиондогон украиндер уюшумдуу болуп, шайлоого бара алышты. АКШ украин элинин өнүгө турган демократиялык келечекти куруу боюнча чечимин колдойт”,- деп билдирди ал. 

Айта кетсек, 26-октябрда Украинада кезексиз парламенттик шайлоо өттү. Анда 7 партия 5 пайыздык чектен өттү. Ал эми өлкөнүн чыгышында украин эли добуш берүүгө катыша алган жок.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: