Акыркы сутка ичинде республика аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, Кара-Балтада 2 кабаттуу үйдүн чатыры толугу менен күйүп кетти
Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында
10 өрт кырсыгы
катталып, аларды өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Өзгөчө
кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Кара-Балта шаарындагы Советский көчөсүндөгү 2 кабаттуу турак үйдүн 130 чарчы метр жыгач устундуу, ондулин жабылган чатыры толугу менен күйүп кеткен. Ошондой эле 2-кабаттагы эмеректер да күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.