super.kg logo

Кыргызстан дин башкармалыгында дин өкүлдөрүн аттестациядан өткөрүү маселеси талкууланды

 

Борбор калаада Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстан дин башкармалыгынын жалпы эмгек жамаатына жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, муфтий быйылкы жылкы ажылыкты уюштуруу боюнча кандай иш-чаралар болгондугун, ажылык учурунда аткарылган ишмердүүлүк боюнча жыйынтыктоочу отчёт даярдоону буюрду.

Ошондой эле жыйында дин өкүлдөрүн аттестациядан өткөрүү маселеси талкууланды. “Алгач КМДБнын кызматкерлери, казыят кызматкерлери, райондук деңгээлдеги башкы имамдар жана айыл өкмөттүк деңгээлдеги, жергиликтүү имамдар толугу менен аттестациядан өтүшмөкчү”,- дейт Максатбек ажы Токтомушев. 

"Анын катарында дин башкармалыктарындагы бөлүмдөрдө кандай иш-чара болуп жаткандыгы жана кандай көйгөйлөр бар экендиги тууралуу кеп козголду" деп айтылат маалыматта. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.10.2014. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллаху Акбар!!! Аллаху Акбар!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: