Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев жамаатка тааныштырылды
Жаңы дайындалган энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев бүгүн, 28-октябрда жамаатка тааныштырылды. Аны министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерине вице-премьер-министр Валерий Диль тааныштырып, Турдубаев министрлик кызматка оор кырдаалда дайындалганын белгиледи. Турдубаев ишеним көрсөткөнү үчүн өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдирип: "Азыр кырдаал татаал, тез жана чечкиндүү кадамдарды жасоо зарыл. Жалпы баарыбыздын эмгек, республиканын бул кырдаалдан чыгышына жардам берет деп үмүттөнөм. Кесиптештеримдин потенциалына ишенем",- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

