Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров Ноокаттагы көйгөйлөр менен таанышты
Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров Ноокаттагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү Темир-Корук жана Т.Зулпуев айылынын Айбек орто мектебинин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу депутаттын жардамчысы Мирланбек Турсункулов билдирди. Зулпукаров кечээ, 27-октябрда Ноокаттагы Төөлөс, Көк-Жар, Н.Исанов айылдарынын эли менен жолугушуп, электр энергиясынын жаңы тарифтери, таза суу, электр жарыгынын өчүрүлүшү сыяктуу көйгөйлөр менен таанышып чыкканын кошумчалады ал.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Фото: Мирлан Турсункулов
Айта кетсек, 27-31-октябрь күндөрү парламент депутаттары шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















