super.kg logo
  Саясат  

Украинадагы парламенттик шайлоодо Арсений Яценюктун "Элдик фронту" алдыга чыкты

 
Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоодогу протоколдордун 83,87 пайызы келип түшкөнүн билдирди. Маалыматка таянсак, Арсений Яценюктун "Элдик фронту" шайлоочулардын 21,93 пайызынын, "Пётр Порошенконун блогу" 21,5 пайызынын добушун алышты. 
"Өз ара көмөктөшүү" биримдигине шайлоочулардын 10,96 пайызы, "Оппозициялык блокко" 9,48 пайызы, Радикалдык партияга 7,46 пайызы, "Батькивщинага" 5,7 пайызы добуш беришкен. 
Калган партиялар 5 баллдык босоголук чектен өтө алышпады. 
Парламенттик шайлоого жарандардын катышуусу 52,42 пайызды түзгөнү, добуш берүүчүлөрдүн мындай аз сандагы көрсөткүчү Украинанын тарыхында болбогону айтылды. Мисалы: 1994 жана 1998-жылкы шайлоолордо жарандардын шайлоого катышуусу 75 пайызды, 2002-жылы 65 пайызды, 2006-жылы 67 пайызды, 2007-жылы 62 пайызды, 2012-жылы 57,98 пайызды түзгөн. 
Айта кетсек, учурда Арсений Яценюк - Украинанын премьер-министри, Пётр Порошенко - Украинанын президенти. Батышчыл багытты карманган эки лидердин партиялары коалиция куроодогу башкы өнөктөштөр болору ачыкталды. 
"Батькивщинанын" лидери - Юлия Тимошенко (экс-премьер-министр), "Өз ара көмөктөшүү" партиясынын лидери - Андрей Садовый (Львов шаарынын мэри), ал эми Радикалдык партияны Олег Ляшко жетектейт. Белгилүү болгондой, Ляшко - Евромайдандын активдүү катышуучусу.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: