Машыктыруучулар жетекчиликтин шалаакылыгынан улам таэквондо региондордо өнүкпөй жатканын айтышты

Бүгүн, 28-октябрда болуп өткөн маалымат жыйынынын
жүрүшүндө машыктыруучулар Таэквондо ассоциациясынын жетекчилигинин шалаакылыгынан
улам бул спорт региондордо өнүкпөй жатканын айтышты. Ош шаары жана Ош облусу
боюнча жооптуу башкы машыктыруучу Келдибек Жаныбаев төмөнкүлөргө токтолду: “Бул
спорт түрү Бишкек шаарында гана өнүгүп жатат. Ассоциациянын жетекчилиги буга чейин
“Жалал-Абад шаарында клуб ачканбыз, жаш балдар тентек чыккандыгы үчүн Ош
шаарындагы залды жапканбыз” деп жалган маалымат таратышкан. Биз алардан 1 сом
дагы жардам ала албай келгенбиз. Айла кеткенде ата-энелерди чогултуп, коомдук бирикме
түздүк да, машыгууларды улантуудабыз”.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев
Ал эми Ош шаарынан келген Елена Лукянцева жаш балдар үмүт менен машыгып жатышканын айтты: "Мындай саясат жүргүзүлө берсе, жаш балдар эч кандай жетишкендиктерге жетишпесин аңдачу куракта эмес. Бирок аларды көрүп бооруң ооруйт. Мелдештерге биздин клубдун өкүлдөрүн катыштырышпайт. Мына, жакында менин уулум Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алды, бирок барган жок. Себеби ассоциациянын жетекчилиги өзүлөрүнө тиешелүү балдарды гана мелдештерге алып барып жатышат. Биздей карапайым элдин балдары чет жерлерге жолдомо алса да, аларды өз каражаттары менен барууга мажбурлап коюшат. Башкаларды колдоп, акчасын төлөп беришет".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:53
2025-08-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Dadin1

28.10.2014. 14:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка нерселерди онуктурсонор боло,ансыз деле мушташып,тишкендер толтура.
Kars

28.10.2014. 23:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олимпиядага чиновниктердин балдары баргандай эледа женилсенда акча берет экендеп женилип келеберешит
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.