super.kg logo

Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

 
Эртең, 29-октябрда аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндөгү №10-көп кабаттуу үйдө, Эне-Сай конушунда үй ичиндеги тармактарда жана 1207-трансформаторундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Ошондой эле Нарвская, Ленская, Ильменская, Средняя, Сельсоветская, Абдраев, Литвинов, Дмитров, Кең-Суу, Пишпек, Дэн Сяопин, Астраханская, Кустанайская, Алыкулов, Тираспольская, Сарыкулов, Краснободская, Стадионная, Ростовская, Варшавская, Кутузов, Республиканская, Багратион, Кум-Арык, Январская, Интергельпо, Прудовая көчөлөрүнө жана Чугуевский тар көчөсүнө “акылдуу” эсептегичтердин орнотулушуна байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.  

Ал эми Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин (Восточная, Коммунарская көчөсү), Мыкан (Линейная, Гэсовская көчөсү), Бирлик (Новая, Молодёжная, Парковая көчөсү), Төмөнкү Ала-Арча (Киргизия, Зелёная, Коллекторная, Логвиненко туюк көчөсү, Логвиненко көчөсү), Лебединовка (Северная, Садовая, Чапаев, Киров, Школьная көчөсү, Победа кең көчөсү жана №2-орто мектеби), Аламүдүн (Панфилов, Алматы, Гидростроительная, Набережная көчөлөрү, “Кыргызстан” жаңы конушу), Байтик, Баш-Кара-Суу, Заречное, Кара-Жыгач, Беш-Күнгөй (Сарыбагыш, Матросов, Садовая көчөлөрү) айылдарында жарык өчөт. Мындан тышкары Москва районуна караштуу Садовое, Предтеченка, Аң-Арык айылдарында, Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында (Целюйная көчөсү), Ак-Башат (Луговая көчөсү) айылында, Токмок шаарындагы (Жантаев, Шамсинская, Шоссейная, Пионерская  көчөсү) аба электр чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: