super.kg logo

Баткен. Спорттук аянт ижарага берилгенден кийин балдар көчөлөрдө чуркаганга мажбур болушууда

 

Кадамжайдагы спорт сарайында бүгүнкү күндө бокс, кикбокс жана эркин күрөш менен 80ге жакын окуучу машыгып келет. Балдардын ата-энелеринин айтымында, спорт сарайдын шарты начар, талапка жооп бербейт. 

Анда жуунуучу, кийим алмаштырчу жай жана жылыткычтар жок. Терезелери сынып, жараксыз абалга келип калган. Жайында Кадамжай спорт сарайына караштуу балдар үчүн чуркоочу спорт аянтчасы ижарага берилген. Андан соң ал жерге футбол талаасы курулуп, акча төлөп кире турган жайга айланган. 

Ижаранын акысы төлөнүп жатса да, жогорудагы көйгөйлөр чечилбей келгенине жергиликтүү тургундар нааразы болушууда. 

Мыдан сырткары ата-энелер мекеме кышка даярдык боюнча көп маселелерди чече элегин айтып чыгышты. Райондук спорт сарайда машыгып келген балдар азыркы тапта көчөлөрдө чуркаганга мажбур болушууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: