super.kg logo

Гүлжигит Аалиев: "Бишкекте сасык тумоо күч алууда, анын кесепетинен эки ымыркай дем алуучу аппаратта жатат"

 

Катуу сууктун түшүшү менен борбор калаада сасык тумоо күч алууда. Акыркы 2 күндүн ичинде Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына 40тан ашуун адам кайрылып, анын 20сы дарыланууга жаткырылган. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда SUPER.KG порталына аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

"Катуу суук түшкөндөн бери сасык тумоо болуп, дене табы 39 градустан ашып, дем алуусу кыйындашып кеткен жарандар кайрылууда. Учурда дем алуучу аппаратта 1 жашка чейинки эки ымыркай жатат. Алар да ооруканага дем алуусу начарлап калганда түшүшкөн”,- дейт Г.Аалиев.

Дарыгердин айтымына караганда, мурдагы күнү сасык тумоодон улам өзүн начар сезген 34 адам кайрылып, анын ичинен 14 адам ооруканага жаткырылган.

“Эң негизгиси, сасык тумоо менен ооруп калгандар дем алганы оорлошуп баштаганда эле дарыгерге баруусу зарыл. Себеби убакыттын өтүшү менен ал пневмонияга өтүп кетиши мүмкүн. Кичинекей балдарды сыртка алып чыгарда жылуураак кийинтип, аларды эл көп болгон жерге алып баруудан алыс болуңуздар”,- дейт Г.Аалиев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: