super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт электр энергиясынын тарифтерин көтөрүү токтомун жокко чыгарган райондук соттун чечими боюнча шаардык сотко арыз берди

 

Бүгүн, 28-октябрда кыргыз өкмөтү Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергияларына орто мөөнөттүү тарифтик саясат жөнүндө өкмөттүн токтомун жокко чыгарган чечимине карата Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. 

Эскерте кетсек, 29-сентябрда Бишкек шаарынын райондор аралык соту өкмөттүн электр энергиясынын тарифтерин көтөрүү токтомун жокко чыгаруу боюнча Нурбек Токтакунов менен Манасбек Султановдун арызын карап чыгып, канааттандырган. 

1-июлда Жогорку Кеңеш электр энергиясынын тарифин аныктоо укугун өкмөткө бере турган мыйзам кабыл алган. Ага ылайык, электр жана жылуулук энергиясынын баалары жогорулаган эле. Электр энергиясы боюнча 3 фазалуу абоненттерге баа мурункудай 70 тыйындан эмес, 1 сом 20 тыйын болуп көтөрүлгөн. Жылуулук энергиясы белгиленген чектен ашыкча колдонбогон тиричиликтик колдонуучулар үчүн 1-июлдан тартып 28,3 пайызга өскөн жана 1 гигакалория үчүн 917,7 сомду түзгөн. Мурун бул баа 715 сом болчу. Ал эми чектен ашыкча пайдаланган абоненттер үчүн жылуулук энергиясы 117,8 пайызга өскөн же гигакалория үчүн 1557,25 сом болуп бекитилген (мурун 929 сом болгон). 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: