Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы өзгөрүлдү
Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүү киргизди. Өлкө башчынын 21-октябрдагы жарлыгына ылайык, кеңештин курамына "Республика" фракциясынын лидери Максат Сабиров жана Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов киргизилди. Ушул эле жарлык менен Назарали Арипов ("Республика" фракциясынын мурунку лидери) жана Зина Асанкожоева (Улуттук банктын мурунку төрайымы) кеңештин курамынан чыгарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

