super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт алкоголдук продукцияны өндүрүү жана сатууну көзөмөлдөй турган атайын орган түзгөнү жатат

 
Вице-премьер-министр Валерий Диль 28-октябрда алкоголдук продукцияны өндүрүү жана сатуу системин реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында көмүскөдө спирт ичимдиктерин өндүрүүчүлөрдү ачыкка чыгаруу, алкоголдук товарлардын рыногун мамлекеттик көзөмөлгө алуунун механизмдерине тийиштүү көйгөйлөр талкууланды. Жыйынтыгында Валерий Диль Мамлекеттик салык кызматы менен Айыл чарба жана мелиорация министрлигине алкоголдук продукцияны өндүрүү жана сатуу, спирт жана курамында спирти бар ичимдиктердин чыгышын көзөмөлдөө системин жайылтуунун үстүнөн карай турган уюшма түзүм түзүү маселесин карап чыгууну тапшырды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: