Мындан ары өлкө аймагында мечиттер муфтияттын макулдугу менен гана салынат
Өлкө аймагындагы мечиттер мындан ары муфтияттын макулдугу менен гана салынат. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, муфтий курулуш бөлүмүнүн жетекчиси Таалайбек Назылбековго республикадагы бардык мечиттерди каттоодон өткөрүүнү, чет жактык гранттардын эсебинен курулуп жаткан мечиттерди көзөмөлгө алууну тапшырды.
Ошондой эле “жакын арада өлкөгө Түркия элчилигинин дин иштери боюнча өкүлү Орханг Генч келүүсү күтүлүүдө” деп айтылат маалыматта. Белгилүү болгондой, анын келиши менен борбордук мечиттин курулушунун аткаруу иштери тууралуу талкуу болмокчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.