super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандын адвокаттарынын курултайы 26-ноябрда өтөт

 
Кыргызстандын адвокаттарынын курултайы быйыл 26-ноябрда өтөт. Юстиция министрлиги билдиргендей, иш-чаранын максаты - "КРнын адвокатурасы жөнүндө" мыйзамынын аткарылышын кароо. Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда боло турган курултайга 15-ноябрга чейин каттоодон өткөн бардык адвокаттар катыша алышат. Курултайга чейин аймактарда адвокаттардын катышуусунда уставдык документтерин талкуулоо боюнча тегерек столдор төмөнкү график менен өткөрүлөт:

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын адвокаттары үчүн Балыкчы шаарында 2014-жылдын 1-ноябрында;

Талас облусунун адвокаттары үчүн Талас шаарында 2014-жылдын 4-ноябрында;

Ош жана Баткен облустарынын адвокаттары үчүн Ош шаарында 2014-жылдын 10-ноябрында;

Жалал-Абад облусунун адвокаттары үчүн Жалал-Абад шаарында 2014-жылдын 11-ноябрында;

Бишкек шаарынын адвокаттары үчүн 2014-жылдын 13-ноябрында;

Чүй облусунун адвокаттары үчүн 2014-жылдын 14-ноябрында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: