Быйыл 9 айдын жыйынтыгында 52 салык кызматкерине чара көрүлдү
Быйыл 9 айдын жыйынтыгында салык органдарынын 52 кызматкерине дисциплинардык чара көрүлдү. Тийиштүү жарлыкка Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов 28-октябрда кол койгонун мекемеден билдиришти. 6 жетекчиге жана 14 жетекчинин орун басарына катуу сөгүш жарыяланып, 32 кызматкерге эскертүү берилди. Мындай чара 9 айда жыйналышы керек болгон салык төлөмдөрүн пландагыдай аткарбаганы үчүн кабыл алынганы айтылат. Мамлекеттик салык кызматы салык органдарынын жетекчилерине ай сайын планды 100 пайызга аткаруу тапшырмасын берип, планды аткарбаган жетекчилер иштен айдала турганын эскертти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

