super.kg logo

Ошто дин өкүлдөрүнүн катышуусунда экстремизм жана радикализмдин алдын алуу боюнча семинар өттү

 

Ош шаарында 27-28-октябрь күндөрү Дин башкармалыгы тарабынан уюштурулган ‘‘Өлкөдөгү экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүдө имамдардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана чыңдоо” аталышындагы семинар болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда муфтияттан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чара Ош облусунун имамдарынын диний жактан илимин өркүндөтүү максатында уюштурулган. Бул иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары Равшан ажы Эратов жана Ош облусунун мусулмандарынын казысы Ниязали ажы Ариповдор катышышты.

“Семинардын негизги максаты 2014-жылдын 3-февралындагы КРнын Коргоо кеңешинин чечимдерине ылайык, экстремизм жана радикализм менен күрөшүү боюнча муфтиятка берилген атайын тапшырмаларды жүзөгө ашыруу болуп саналат”,- дейт муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов.

“Семинардын алкагында аймактардан келген имамдарга экстремизм жана радикализмге каршы күрөшүү мыйзамда кандай тартипте каралгандыгы жөнүндө маалымат берилди. Ошондой эле ар түрдүү кырдаалдарда маселени чечүү боюнча бир топ тажрыйбаларга ээ болушту” деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: