super.kg logo

Роза Отунбаева: "Казы Дыйканбаевдин ишмердүүлүгү азыркы чиновниктерге үлгү болуш керек"

 

Бүгүн, 29-октябрда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Казы Дыйканбаевдин 100 жылдык мааракесине карата эскерүү кечеси өткөрүлдү. Иш-чарага К.Дыйкамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын окутуучулук курамы, КРнын биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, КРнын Президентинин аппаратынын өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлери, студенттер жана массалык маалымат каражаттары катышты.

Салтанаттуу иш-чарада К.Дыйкамбаевдин басып өткөн жолу чагылдырылган даректүү тасма көрсөтүлдү.

Роза Отунбаева өз сөзүндө: “Казы Дыйканбаев өлкөдөгү көрүнүктүү объектилердин, өнөр жай ишканаларынын, биз турган Улуттук филармониянын курулушуна зор салым кошкон. Анын өлкөгө кошкон салымы, ишмердүүлүгү азыркы чиновниктерге үлгү болуш керек. Ал билимдүү инсан эле. Эгер Москвада Байбаков болсо, бизде К.Дыйканбаев кыргыз экономикасынын локомотиви болчу. "Кыргыз википедиясында" К.Дыйканбаевдин аты жазылбаптыр, бул өкүнүчтүү, муну колго алып, оңдош керек”,- деди.

Казы Дыйканбаев 1913-жылы Түп районунун Талды-Суу айылында туулган. Ал Караколдогу кыргыз-орус мектебинин 4-классын аяктап, окуусун Бишкекте уланткан.

1937-жылы Ташкент эл чарба институтун бүтүрүп, эмгек жолун Кыргыз ССР Мамлекеттик пландоо комиссиясында экономист болуп баштаган. Андан кийин Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин төрагасынын орун басары, Кыргыз ССРинин туңгуч Тышкы иштер министри, Кыргыз ССР Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.10.2014. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза эже акылына эми кирипи ушу акылны эртерээк колдонгондо Ошто миндеген адам олбойт болчу.Бул созго далил интернетте Шамил Атахановтун суйлогон созу бар.
29.10.2014. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне суроттогу жазуу Бишкеке келенден кийинки фамилясыбы Дикамбаев деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: