Бычактан жараат алган ишкер Райкан Алкановдун абалы туруктуу
Бычактан жараат алган ишкер Райкан Алкановдун абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 29-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, ишкер Талас облустук ооруканасында. Ал жакта ага операция жасалган. Учурда жабырлануучунун абалы мурдагыга салыштырмалуу туруктуу.
Айта кетсек, буга чейин белгилүү ишкер Райкан Алкановго Таласта кол салуу болуп, оор абалда ооруканага жеткирилгени маалымдалган эле. Ошондой эле бул кылмышка шектүү катары 16 жаштагы кыз кармалып, дагы эки айым изделүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.