super.kg logo
  Саясат  

Кара-Сууда дааратканадагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду

 
Кара-Суу райондук прокуратурасынын прокурору Каншир Маданбеков даараткананын кыйроосу боюнча жергиликтүү архитектура кызматкерлерине жана даараткананын ээлерине карата кылмыш иши козголгонун билдирди. Кылмыш иши "Шалаакылык", "Кызматтык абалынан пайдалануу", "Курулуш иштеринин коопсуздук эрежелерин бузуу" жана "Өз билемдик" беренелери боюнча козголду. Кошумчалай кетсек, Кара-Суу базары санитардык тазалоодон кийин бүгүн толук кандуу иштеп баштайт. Белгилей кетсек, КРнын Генералдык прокуратурасынын маалыматы боюнча кырсык болгон коомдук даараткана Кара-Суу районуну тургуну А.Зга таандык.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: