Бишкекте 29-октябрга карата 7700 жаран биометрикалык маалыматын тапшырды
Бишкек шаарында 29-октябрга карата 7753 жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Мамлекеттик каттоо кызматынын билдиришинче, 29-31-октябрь күндөрү Мамлекеттик тарых музейинин, Китеп палатасынын жана М.Фрунзе атындагы музейдин кызматкерлери биометрикалык маалыматтарын беришет. 30-октябрда маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов баштаган министрликтин кызматкерлери тапшырыша турганы айтылды. Мындан тышкары көчмө топтор театрларда болушуп, маданият ишмерлеринин биометрикалык маалыматтарын алышат. Маданият министрлигинин тутумундагы кызматкерлердин саны 16 миңге жакын экени кабарланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

