Мигранттарды Орусиядан Кыргызстанга кайтаруу боюнча программа түзүү керектиги айтылды



Бүгүн, 29-октябрда Орусиядагы эмгек мигранттарынын кыймылынын тең төрагасы Эмил Жайчиев маалымат жыйынын жүрүшүндө мигранттарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча программа түзүү керек экендигин билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Анын айтымында, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өз убагында иш сапары менен Орусияга барып мигранттар менен жолукканда, ага ушул программа тууралуу суроолор берилген. "Анда ал мындай программа жок экенин айткан. Ал эми бүгүнкү күнү инвесторлор жана жеке ишкерлер Кыргызстанда ишканаларды куруп, бош орундарды ачууга даяр. Бул ишканаларда биздин мигранттар иштесе туура. Бул сунушту биздин өкмөт караштырып, тиешелүү программаны иштеп чыгууга тийиш",- дейт Жайчиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
-2

Кыргызстандагыларды жумуш менен камсыздап тургула, пака биз бул жакта иштеп турабыз Кыргызстандан жумуш чыгып чакырышканча