super.kg logo
  Саясат  

Электр энергиясынын жаңы тарифтери боюнча түшүндүрмө

 

Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин адиси Канат Миршакиров электр энергиясынын тарифтери боюнча өкмөт сунуштап жаткан демилге тууралуу маалымат берди. Жаңы тарифтер боюнча электр кубаты төмөнкүдөй эсептелет:

Мисалы, абонент 1000 киловатт-саат электр энергиясын пайдаланса, мунун 700 киловатт-саатына азыркыдай 70 тыйындан төлөйт. Калган 300 киловатт-саатына 1,20 тыйындан төлөп, буга импорттун баасы кошулат. Импорттолгон электр кубатынын баасы болжолдонгон 4 сом өлчөмүндө кошулбайт. Эгерде аталган 300 киловатт-саат электр энергиясынын жарымын Кыргызстан өндүргөн болсо, анда орточо баа 2 сомдой болушу мүмкүн. Ошондо абонент 1000 киловатт-саат электр кубаты үчүн орточо эсеп менен 1450 сом төлөп калат (700 киловатт-саат х 70 тыйын = 490 сом, 300 киловатт-саат х 1 сом 20 тыйын = 360 сом, 300 киловатт-саат х 2 сом = 600 сом). Бул азыркы баадан 2 эсе кымбат. 

Айта кетсек, Кыргызстан быйыл Казакстандан электр энергиясын импорттогону жатат. Сырттан алынган электр кубатынын баасы 4 сомдон айлынышы мүмкүн экени айтылууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: