super.kg logo

Нарын. Кара-Кужур айыл аймагында 10 чакырым алыстыктан келип окугандар үчүн кичи автобус алынды

 

Нарын районундагы Кара-Кужур айыл өкмөтүндөгү окуучулар кичи автобустуу болушту. Бул тууралуу 29-октябрда ыйгарым укуктуу өкүлдүн маалымат катчысы Бапан Белеков билдирди. 

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын жаз айларында өкмөттүн облустагы өкүлү Аманбай Кайыпов  аталган аймактын эли менен жолугушкан. Жолугушууда Кара-Кужур айыл өкмөтүндөгү Улахол айылында окуучулар мектепке 3-10 чакырым алыс жерден жөө же ат менен келип окуп жатышканы айтылган. Тургундар кыш айларында мектепке баруу кыйынчылыктарды жаратарын, кээде балдар карышкырларды көрүп жатышканын айтышкан. Кара-Кужурдун тургундары мектеп окуучулары үчүн кичи автобус менен камсыздап, жардам берүүсүн өтүнүшкөн эле.

"Эми мындан ары алыскы конуштарда жашаган 27 окуучу Улахол айылындагы мектепке мурдагыдай жөө-жалаңдабай, кичи автобус менен бара баштады. Биз өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн убадасы боюнча кичи автобусту сатып алганбыз. Өзүбүз дагы 100 миң сомдун тегерегинде каражат чогултуп, калган 150 миң сомун облус жетекчиси Аманбай Кайыпов берди. Буюрса, быйылкы жылдан баштап көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан көйгөйүбүзгө чекит коюлду,- деди Улахол айылынын тургуну Майрамбек Калиев. 

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы берген маалыматка караганда, өткөн аптада Ат-Башы районундагы Казыбек айылынын №4-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна "Тез жардам" унаасы берилди. Демилгени аталган айылдын мектебин 1994-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр көтөрүп, аларды өкүлчүлүк колдоп берген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.10.2014. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улахол эмес Лахол...
29.10.2014. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aidartegin, Лахол, Улахол деп жазыла берет.
30.10.2014. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара кужурда жалан эле байларго,балдарын машинасы менен жеткизип апкелгенге кудуреттери жеткидей...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: