Парламент кийинки аптада саламаттыкты сактоо министрине Талантбек Батыралиевдин талапкерлигин карайт

Парламенттеги КСДП фракциясы 17-октябрда саламаттыкты сактоо министри кызматына Талантбек Батыралиевдин талапкерлигин сунуштап, фракциянын чечими өкмөткө жиберилген эле. Ал эми мурдагы министр Динара Сагынбаева аталган министрликтин башчысы кызматынан 24-сентябрда бошотулган.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Фото: Интернет булактары
Бир айдан ашык убакыттан бери Саламаттыкты сактоо министрлигине жетекчи дайындала элек. Дайындоонун кечигиши боюнча депутат Мыктыбек Абдылдаев: "Конституцияга ылайык, министрликке талапкер 5 күндүн ичинде парламентте жактырылып, кызматка дайындалышы керек",- деген эле.
Министрликке жалгыз талапкер кардиолог Талантбек Батыралиев буга чейин Түркияда иштеп келгени айтылган. Анын талапкерлигин колдогон "Жаш медиктер" коомдук бирикмеси Талантбек Батыралиевди мыкты адам, такшалган адис, уюштургуч-менеджер,
коррупциядан алыс турган интеллектуал катары сыпатташкан. Батыралиев өнүккөн технологиянын жардамы менен бейтаптарды
дарылоодо, өз тажрыйбасын башкаларга бөлүшүүдө эмгеги чоң экени белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
1

