Бишкекте белгилүү балет бийчиси Чолпонбек Базарбаевди эскерүү кечеси болот

3-февралда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында СССРдин Эл артисти, бийчи Чолпонбек Базарбаевди эскерүү кечеси болот. Концертте кыргыз өнөрпоздору дүйнөлүк, европалык жана орус балет классикалары жана заманбап фольклордук бийлеринен үзүндүлөрдү аткарышат. Белгилей кетсек, Чолпонбек Базарбаев балет боюнча кыргыз өнөрпоздорунун ичинен "СССРдин Эл артисти" наамын алган жалгыз адам. Базарбаев "Ак куулар көлүндө" балетинде Зигфриддин, "Жизелде" Альберттин, "Томиристе" Кирдин, "Петрушкада" Петрушинин, "Кармен-Сюитада" Хозенин, "Саманчынын жолунда" Касымдын, "Чолпон" балетинде Нурдиндин ролдорун аткарган. Бийчи 2002-жылы 2-сентябрда автокырсыктан каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.