super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Канада кайсы бир деңгээлде Кыргызстанга карыздар"

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-октябрда Бишкекте Канаданын Кыргызстандагы элчиси Шон Стайлдын Ишеним грамотасын кабыл алып жатып Канада мамлекети кайсы бир деңгээлде Кыргызстанга карыздар" деп билдирди. Ошондой эле мамлекет башчы канадалык ишкерлер Кыргызстандан көп пайда таап жатканын эске салып, “Кумтөр” маселесине токтолду.

Биз зарыл материалдардын баарын беребиз. Бул коррупциялык иштер качандыр бир убакта башталган. Буга чекит коюшубуз керек жана демократиялык өлкөлөр ортосундагы такыр башка мамилелерди өнүктүрүшүбүз зарыл. Ал эми биз Кыргызстан менен Канаданын ортосундагы эки тараптуу байланыштардын потенциалын бекемдегибиз келет”,- деп белгиледи Атамбаев.

Эскерте кетсек, президент бүгүн Кыргызстандагы 6 чет мамлекеттин элчилеринин Ишеним грамоталарын кабыл алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: