super.kg logo
  Саясат  

Замбиянын президенти 77 жаш курагында дүйнө салды

 

Замбиянын президенти Майкл Чилуфья Сата 77 жаш курагында дүйнө салды. Ал 21-октябрдан баштап Лондондогу ооруканалардын биринде дарыланып жаткан эле. Президенттин кайсы ооруга кабылганы айтылган эмес. Бул тууралуу 29-октябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Африка өлкөсүнүн өкмөтү бул боюнча билдирүү жасай элек. Буга чейин жогорудагы мамлекет башчысынын басма сөз кызматы Сата үй-бүлө мүчөлөрү, жубайы Кристин Касеба менен чет өлкөгө дарылануу үчүн кеткенин маалымдаган. 

Өткөн айда ден соолугу начарлап, президент Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөөгө чыга алган эмес. Сата үч ай эл алдына чыкпай жүргөндөн кийин парламенттин сессиясынын ачылышына катышып, өзүнүн өлүмү жөнүндө ушак айтууга эрте экенин билдирген. Мындан ары президенттин милдетин өлкөнүн вице-президенти Гай Скотт аткарышы мүмкүн.

Майкл Чилуфья Сата мамлекетти 2011-жылдын сентябрынан тартып башкарып келген. Замбияда кийинки шайлоо 2016-жылы болмок. Бирок азыркы президенттин кайтыш болгонуна байланыштуу шайлоо 90 күндүн ичинде өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: