Алмазбек Атамбаев Режеп Тайип Эрдоганды Түркиянын түзүлгөн күнү менен куттуктады
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-октябрда Түркия Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 91 жылдыгына карата аталган өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдоганды куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосунда Түркиянын ишенимдүү өнүгүп жатканы баса белгиленет. "Кыргызстан менен Түркиянын мындан аркы достук жана боордоштук байланышын өнүктүрүү, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө - биздин жалпы максатыбыз",- деп айтылат куттуктоодо.
Алмазбек Атамбаев Түркиянын президентине ден соолук, бакубатчылык, түрк элине бакыт жана гүлдөп-өнүгүү каалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

