super.kg logo
  Саясат  

"Бажы биримдигине киргенден кийин Орусиядан берилчү каражаттын жарымын айыл чарбага жумшоо туура болот" дейт коомдук ишмер

 

“Кыргызстан Бажы биримдигинин курамында иш алып бара турган болсо, Орусия тараптын бөлүп бергени жаткан каржылык колдоосунун жарымын айыл чарбасына сарптаган туура болот”,- деп билдирди коомдук ишмер Жамин Акималиев. Бул тууралуу Акималиев бүгүн, 29-октябрда жергиликтүү радиого түз эфирде маек берип жатып айтты. Анын айтымында, мындай каржы булактары менен айыл чарбасын мыктылап жолго коюп албаса, ата мекендик айыл чарба өнүмдөрүнүн атаандаштыкта алыс узай албай калуу коркунучу бар.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Эсенгул Исаков да түз эфирде болуп, айрым айыл тургундарын таза сууну атайын насосторду колдонуу аркылуу чыгарып жатканын, энергетика жаатындагы тарифтер каралып жатканда бул жагынан тиешелүү жеңилдиктер каралышы керек экенин билдирди.

Эл өкүлү айыл чарбасындагы сүт азыктарын иштетүү, кырман сыяктуу багыттарында да электр энергиясыз иштин илгерилеши кыйынчылыкты жаратарын белгиледи. “Бажы биримдигине багыт алып жатканда, айыл чарба артыкчылыктуу тармак катары эсептелгендиктен, ал тармак энергетикалык каатчылыкка кабылбашы керек”,- деди ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: