super.kg logo

Мыйзамсыз лицензия берген саламаттыкты сактоо министринин орун басары Кубанычбек Чойбековго 500 миң сом айып пул салынды

 

Бишкек шаардык соту 7-октябрда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана лицензиялык-уруксат иштерин мыйзамсыз жүргүзгөндүгү үчүн айыпталган саламаттыкты сактоо министринин орун басары Кубанычбек Чойбековго 500 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Бишкек шаардык прокуратура бөлүмүнүн башчысы Акылбек Бакачиев билдирди.

Маалым болгондой, 2013-жылы 12-июлда саламаттыкты сактоо министринин орун басары К.Чойбеков К.Л. аттуу жаранга медициналык кызмат көрсөтүүгө уруксат берген лицензияны мыйзамсыз берген. Натыйжада эч кандай тиешелүү документтери жок К.Л. аттуу жаран амбулатордук шартта УДИ-диагностикасын 2 жыл жүргүзүүгө уруксат алган. Берилген мыйзамсыз лицензиянын ээси К.Л. борбордогу кичи райондордун бириндеги бейтапканада акы төлөөчү негизде УДИ-диагностикасын жүргүзүү менен алектенип баштаган.

“Ага ылайык, Башкы прокуратура КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-беренеси (лицензиялык-уруксат документин мыйзамсыз берүү) менен кылмыш ишин козгогон”,- дейт А.Бакачиев.

Маалым болгондой, 2014-жылдын 18-февралында К.Чойбеков Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. 20-февраль күнү ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 2-бөлүмү боюнча айыпталып, ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына кармоо чечими кабыл алынган. Ал эми 6-мартта шаардык сот К.Чойбековдун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрткөн.

Аталган ишти караган Биринчи Май райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренеси боюнча тагылган айыпты андан жеңил 216-беренеге (шалаакылык) алмаштырган.

А.Бакачиев билдиргендей, биринчи инстанциядагы соттун чечими боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрадан арыз жөнөтүп, соттук коллегия чечимди кайрадан өзгөртүп, К.Чойбековду КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренеси менен күнөөлүү деп тапкан. Анын чечими менен К.Чойбековго 5 миң эсептик көрсөткүчтө 500 миң сом айып пул салынган.

Ал эми экинчи инстанциядагы соттун чечими боюнча КРнын Жогорку Сотуна арыз берилери да белгилүү болду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.10.2014. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошентип олтуруп 2-3-4 инстанция деп суудан кургак чыгарышат биздин соттор,каны рак 3-4 кундо олот дешкен Батукаев дагы эле олалбай байкуш жыргап орусияда камакта жатат.
29.10.2014. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин сот эчкан адилнтуу иштебет сотткода пара бергенда
29.10.2014. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Korrupsiya menen kurowobuz deysiner. uwuga okwogon korunuktuu adamdardy turmogo oturguzup owol jakta 4iritsener, owondoy doljnostto oturgandar para algandan korkup kalaar bele....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: