Сауд Арабиянын Билим берүү министрлиги мыкты мугалимдерге унаа бермей болду

Сауд Арабиянын Билим берүү министрлиги билим тармагына эмгеги сиңген жана мыкты мугалимдерге BMW үлгүсүндөгү автоунаа жана материалдык муктаждыктарын чечүү максатында 120 миң риал (же 2,5 миң доллар) өлчөмүндөгү сыйлыктарды бермекчи. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышкан.
Маалым болгондой, аталган иш-чара Сауд Арабиясындагы билим тармагын жана мугалимдердин аброюн көтөрүү максатында жасалууда.
“Бул шарт өлкөдөгү мугалимдердин иштерин жакшыртууга өбөлгө болмокчу жана мындай баалуу белектер бардык тармакта эмгектенген мугалимдер менен таланттуу окуучуларга, студенттерге берилмекчи” деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат. Жеке айтышууларга жол берилбейт.
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого, жеке айтышууларга жол берилбейт.