super.kg logo

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга ат салышкан 8 талапкерден бешөө калды

 
Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга ниеттенген 8 талапкер компаниянын саны үчкө кыскарды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тендердин экинчи этабына төмөнкү компаниялар өттү:
1. "Dessa International" S.R.L. компаниясы   
2. "Shenzhen Topform Computer Tehnology Co. Ltd" 
3. "Ozone Iletişim Teknolojileri" 
4. "Стилсофт Бишкек" 
5. "Anteo Worldwide"
Бул компаниялар 2014-жылдын 29-ноябрына чейин өздөрүнүн тендердик билдирүүлөрүн даярдап тапшырышы керек.
Айта кетсек, аталган долбоор ишке ашса, өлкөдө автоматташтырылган видеобайкоо, фото жана видеофиксация системи иштеп баштайт. Ошондой эле каттоонун бирдиктүү электрондук борборун түзүү жагы каралган. Бул жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү боюнча укук коргоо органдарынын, Башкы прокуратуранын ишинин натыйжалуу болушуна шарт түзмөкчү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: