super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев ноябрь айында Түркмөнстанга иш сапары менен барат

 

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев ноябрь айында Түркмөнстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президент кечээ, 29-октябрда Түркмөнстандын Кыргызстандагы жаңыдан дайындалган элчиси Батыр Ниязлиевдин Ишеним грамотасын алып жатып билдирди. Ошондой эле Атамбаев Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилигинин ачылышы кыргыз-түркмөн кызматташуусун жаңы баскычына көтөрөрүн айтты.

“Түркмөнстандагы биздин элчилик 10 жылдан ашуун иштеп жатат, эми Кыргызстанда сиздердин элчилик ачылып жатат. Мен Түркмөнстандын бул кадамын жогору баалайм. Ноябрь айынын башында расмий сапар менен Түркмөнстанга барам. Бул кадам кыргыз-түркмөн кызматташуусунун жаңы баскычына жол ачат деп ишенем”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: