Бишкекте унаа уурдоо фактысына шектүү жаран кармалды
Бишкекте унаа уурдоо фактысына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын 36 жаштагы жараны кайрылган. Анда ал үйүнүн жанында токтоп турган Хонда Степвагон унаасын белгисиз адам уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, анын натыйжасында кылмышка шектүү катары 26 жаштагы шаар тургуну кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.