super.kg logo

Бишкектин Көк-Жар кичи районунда милиция кызматкерлери үчүн 9 кабаттуу үйлөр курула баштады

 
Бүгүн, 30-октябрда Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районунда милиция кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн үч 9 кабаттуу үйдүн курулушу башталды.
Батирлердин схемалары
Үч 9 кабаттуу үйдөн турган турак жайдын дизайны
Үч 9 кабаттуу үйдөн турган турак жайдын дизайны
Үч 9 кабаттуу үйдөн турган турак жайдын дизайны
А.Маматалиев өз сөзүндө укук коргоочуларга КРнын Өкмөтү тарабынан ар дайым татыктуу көңүл бурулуп жаткандыгын билдирди. "Милиция кызматкерлеринин кызматы абдан татаал. Өлкөдө орун алган курч окуяларда алар тартипти сактоого бардык күчтөрүн жумшап эмгектенип келишет. Ошондуктан аларды турак жай менен камсыздап беришибиз керек",- деди вице-премьер.
Министр М.Турганбаев Көк-Жар кичи районундагы батирлерди бөлүштүрүү менен иштеген комиссия боюнча да баса белгиледи. "Бул батирлерди берүүдө коррупция болбошу катуу көзөмөлгө алынат. Жалпы республика боюнча милиционерлердин 70 пайызы батирге муктаж болууда",- деди Турганбаев.
М.Турганбаевдин айтымында, мамлекет милиционерлердин жашоо шарттарын жакшыртууга ниеттенүүдө. "Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бул максатты ишке ашырууга 55 миллион сом бөлүп берди. Борбор калаада дагы 60 батирлүү үйдүн курулушу пландалууда. Мындан тышкары Ошто, Баткенде көп батирлүү үйлөрдү куруп берүүнү ниеттенип жатабыз",- деди министр.
Бүгүн, 30-октябрда Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районунда милиция кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн үч 9 кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Салтанаттуу иш-чарага КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев, КРнын Ички иштер министри Мелис Турганбаев, ИИМдин башчысынын орун басары Курсан Асанов жана Бишкек ШИИББинин кызматкерлери катышышты.
Аталган турак жайдын биринчи үйү 2015-жылдын жай мезгилинде курулуп бүтүп колдонууга берилери пландалууда. Турак жайда жалпысынан 180 батир, алардын 72си эки бөлмөлүү жана 108и бир бөлмөлүү болмокчу.
А.Маматалиев өз сөзүндө укук коргоочуларга КРнын Өкмөтү тарабынан жакшы көңүл бөлүнүп жаткандыгын билдирди. "Милиция кызматкерлеринин кызматы абдан татаал. Өлкөдө орун алган курч окуяларда алар тартипти сактоого бардык күчтөрүн жумшап эмгектенип келишет. Ошондуктан аларды турак жай менен камсыздап беришибиз керек",- деди вице-премьер.
М.Турганбаевдин айтымында, мамлекет милиционерлердин жашоо шарттарын жакшыртууга ниеттенүүдө. "Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бул максатты ишке ашырууга 55 миллион сом бөлүп берди. Борбор калаада дагы 60 батирлүү үйдү куруу пландалууда. Мындан тышкары Ошто, Баткенде көп батирлүү үйлөрдү куруп берүүнү ниеттенип жатабыз",- деди министр.
Андан соң ал Көк-Жар кичи районундагы батирлерди бөлүштүрүү менен иштеген комиссия боюнча да баса белгиледи: "Бул батирлерди бөлүштүрүүдө коррупция болбошу катуу көзөмөлгө алынат. Жалпы республика боюнча милиционерлердин 70 пайызы батирге муктаж болууда".





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
30.10.2014. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
митинг болсо жакшы туруп бергиле мен силерге уй белек кылам дегени АШАнын
30.10.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жакшы жакшы, Мелис байке мэлисионерлерди батир менен камсыздап, ишине катуу киришкен го )) Азамат
30.10.2014. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жакшы жакшы Жанылык екен эми айтканындай болуп бутуп коррупциясы Жоок тапшырып алышсын))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: