super.kg logo

"Ош электр": "Электр жарыгынын өчүшү лимиттен ашып кетип жаткандыгынан улам болууда"

 

Ош шаарындагы электр жарыгынын өчүшү лимиттен ашып кетип жаткандыгынан улам болууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда SUPER.KG порталына “Ош электр” акционердик коомунун жетекчиси Дыйканбай Даминов билдирди.

“Буга чейин өкмөт тарабынан электр энергиясына лимит коюлган, ал нормасынан ашып кеткен үчүн электр жарыгы кечээ жана бүгүн 2 сааттан өчүрүлмөкчү. Электр жарыгын үнөмдөө үчүн аны түнкү саат 12ден таңкы 6га чейин өчүрүү чечими кабыл алынган. Тилекке каршы, колдонулган электр энергиясынын көлөмү лимиттен бир кыйла ашып кетүүдө”,- дейт Д.Даминов.

Анын айтымына караганда, электр жарыгынын үзгүлтүккө учурганы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн аздыгынан улам болууда.

“Эгер колдонуучулар электр жарыгын үнөмдөөгө өтүшсө, мындай өчүрүүлөр буга чейин коюлган график боюнча гана жүргүзүлмөкчү”,- деп кошумчалайт Д.Даминов.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.10.2014. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошто газ очкондон кийин этажда жашагандарга эл.плиталарын таратып бердик дединер элего,Эми элестете бергиле эл тамак жасайт,чай кайнатат дегендей анан кайдагы Лимит жонундо соз болуп жатат,тушуксузго.Этажда же газ-балон колдоно албаса электрэнергиясы кететда,тиричилик кылыш керекпи элдер.
Dadin1 түзөттү 30.10.2014 12:48
30.10.2014. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
640этаж уйдо узгултуксуз берилет д.аттынар эле.эми лимиттен ашып очуруп атабыз дегенинер эмне?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: