super.kg logo
  Саясат  

Министрлик: "Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин Орусия менен айыл чарба багытындагы кызматташуусу жакшырат"

 

Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин Орусия менен айыл чарба багытындагы кызматташуусу кыйла жакшырат. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев менен Орусия Федерациясынын Оренбург облусунан келген делегациянын жолугушуусунда айтылганын 30-октябрда мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, Оренбург облусунун айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү министри Михаил Маслов башында турган орусиялык өкүлчүлүктүн курамында айыл чарба багытындагы ири ишканалардын жетекчилери, ишкерлери бар. Орусиялык ишкерлер Кыргызстандан уй этин, жашылча-жемиштерди сатып алууга, аны кайра иштетүү боюнча кызматташтыкка даярдыгын билдиришти. 

Бул багытта бүгүн орусиялык жана кыргыз ишкерлери Айыл чарба министрлигинде ишкерлер кеңешмесинде жолугуп, кызматташуу багыты боюнча талкуу жүргүзүшөт. Ошондой эле орусиялык өкүлдөр Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин төрагасы Сайдулла Нышанов менен жолугуп, айыл чарбасы, кайра иштетүү боюнча пикир алышты. Орусиялык өкүлдөрдү вице-премьер-министр Т.Сарпашев да кабыл алары белгиленген. Жолугушуулардын жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында чарба жаатында кызматташтык боюнча түзүлгөн меморандумга кол коюлат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: