super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиевге кылмыш иши козголушу мүмкүн

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиевге кылмыш ишин козгоо боюнча 28-октябрда Башкы прокуратурага материалдарды берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 30-октябрда прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатканын айткан басма сөз кызматынын өкүлү текшерүү жыйынтыкталгандан соң депутатка кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин билдирди.

Маалыматка ылайык, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине 24 абитуриенттин окууга киргендигинин мыйзамдуулугун текшерип чыккан. Каныбек Осмоналиев Билим берүү министрлигине жана окуу жайдын ректоратына кайрылып, студенттерди окуу жайга кабыл алууну суранган. Бул текшерүүгө негиз болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: