super.kg logo

Таласта шаардык соттун астында нааразычылык акциясы өтүүдө

 
Бүгүн, 30-октябрда Талас шаардык сотунун астында 200гө чукул адамдан турган нааразычылык акция өтүүдө. 
Бул тууралуу SUPER.KG порталына катышуучулардын бири, "Кырк чоро" кыймылынын мүчөсү Замирбек Көчөрбаев билдирди.
Анын айтымында, митингчилер ушул жылдын апрель айында "Шыраалжын" алтын кенин жабуу боюнча пикетке чыгып, учурда соттолуп жаткан адамдарга карата адилеттүү чечимди чыгаруу талабын айтышууда. "Мындан тышкары ошол пикеттин катышуучуларын куугунтукка алууну токтотууну талап кылып жатабыз",- деди активист.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылы апрелдин башында Таласта жергиликтүү тургундар "Шыраалжын" алтын кенин жабуу боюнча маселе көтөрүп, митингге чыгышкан. Анда жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп, ИИМдин ошондо тараткан маалыматы боюнча, 19 милиция кызматкери түрдүү жаракаттарды алышкан. Ошол митингдин жүрүшүндө автоунаа өрттөлгөн. Милиция ушул окуя боюнча Минур Сейталиевди күнөөлүү катары кармаганы маалым болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: