super.kg logo
  Саясат  

Индияда шайлоо системдери боюнча өтүп жаткан жыйынга кыргыз делегациясы катышууда

 
Индияда 28-31-октябрь күндөрү Азия өлкөлөрүнүн шайлоо органдары ассоциациясынын Башкы ассамблеясынын жыйыны өтүүдө. Ага Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимов баш болгон кыргыз делегациясы катышууда. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка караганда БШКнын башчысы Т.Абдраимов Индиянын шайлоо комиссиясынын жетекчиси С.В.Сампатх менен жолугушту. Анда Индияда 2014-жылдын апрель-май айларында өткөн парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышканы менен кесиптешин куттуктады. Ошондой эле Кыргызстан Борбор Азияда парламенттик башкарууга алгачкылардан болуп өткөнүн айтып өттү.
Сампатх өз кезегинде Индиянын шайлоо системинин өзгөчөлүгүнө токтолду. Тараптар Кыргызстан менен Индиянын ортосунда кол коюла турган макулдашуу менен меморандумду талкууга алышты. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: