Бишкекте бүгүн социалдык эмгек тармагын жөнгө салуу боюнча комиссия жыйын өткөрөт
Бүгүн, 30-октябрда КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде социалдык эмгек катнашын жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссиянын кезектеги жыйыны өтөт. Ага вице-премьер-министр Эльвира Сариева баш болгон өкмөт мүчөлөрү, эмгек, миграция жана жаштар министри, саламаттыкты сактоо, транспорт жана коммуникация, айыл чарба жана мелиорация, энергетика жана өнөр жай, социалдык өнүгүү министрлери катышат.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Анда 2013-2015-жылдарда башкы макулдашуунун аткарылышы, 2013-жылдын жыйынтыгы, минималдык айлык акынын деңгээлин көтөрүү жана башка маселелер каралат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.