super.kg logo

Ошто илимге жана долбоор жазууга кызыккандар үчүн семинар өтүүдө

 
Ош технологиялык университетинде илим чөйрөсүнө жана долбоор жазууга кызыккандар үчүн семинар-тренинг өтүүдө. Аталган семинар 2014-жылдын 31-октябрына чейин уланып, ага Ош шаарындагы жогорку жана атайын окуу жайлардын окумуштуулары, окутуучулары, аспиранттар, магистранттар жана студенттер катышууда. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Иш-чараны Глобалдык фонддун каржылоосу менен Ош технологиялык университети уюштурган. Катышуучуларга атайын адистер тренинг өтүшүп, негизинен грант жарыяланган эл аралык сынактарга, фонддорго жана программаларга долбоор даярдоонун жол-жобосу, усулдары, эл аралык илимий журналдарга жана рецензияланчу мезгилдик басылмаларга макала даярдоонун усулдары тууралуу окутуп-үйрөтүшмөкчү. 
Үч күнгө созулган семинар акысыз уюштурулуп, жыйынтыгында жигердүүлүк менен активдүү катышып, тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүшкөн катышуучуларга сертификаттар берилмекчи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: