Аламүдүн районунда тоноочулукка шектүү жаран кармалды
Аламүдүн районунда тоноо фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал 28-октябрь күнү белгисиз адамдар аны күч колдонуп сабап, жанындагы акчасын алып кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары аталган райондун тургуну кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.