super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Аялдарды экстремисттик уюмдарга тартуу өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурат"

 
Аялдарды экстремисттик уюмдарга тартуу өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудура турган жосун болуп саналат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ирина Карамушкина бүгүн, 30-октябрда «Парламент» радиосунун түз уктуруусунда билдирди. 

Эл өкүлү жүзгө жакын кыргызстандык өлкө чегинен чыгып, согуш болуп жаткан аймактарга, анын ичинде Сирия тарапка бет алганын айтып: «100 адамдын 20 пайызы аялдар болуп саналат»,- деди. 

Депутаттын айтымында, аялдардын алыстагы коогалаңдуу жерлерге кетишинин негизги себептери – алардын так маалымдар эместиги, социалдык жана экономикалык көйгөйлөр, ошондой эле жалдоочулардын чоң каражат төлөө убадалары, бирок бул алдамчылык. 

Мындай абалды жөнгө салуу үчүн укук коргоо органдары тарабынан эле эмес, дагы башка институттарды, анын ичинде Кыргызстандын Дин башкармалыгын, жергиликтүү бийлик органдарын, жарандык коомду, жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен комплекстүү иш-чараларды ишке ашыруу зарыл. 

Депутат тармактык комитет ушул жылдын 17-ноябрында Ош шаарында көчмө жыйын өткөрүп, анда эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге каршы аракеттенүү жаатында бир катар иш-чаралар белгилене турганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: