super.kg logo
  Саясат  

Гуанчжоу шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды

 

Кытайдын Гуандун провинциясындагы Гуанчжоу шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага провинцияга иш сапар менен барган КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев катышты. Анын алкагында КРнын ТИМ жетекчиси менен Гуандун провинциясынын губернаторунун орун басары Чжао Юйфан жана Гуанчжоу шаарынын мэри Чэнь Цзяньхуа катышкан эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Гуандун провинциясынын жана Гуанчжоу шаарынын ортосундагы кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, экономика, өндүрүш жана туризм сыяктуу тармактарда активдүү кызматташуу жагы белгиленди. 

Иш-чарага Гуандун провинциясынын жана Гуанчжоу шаарынын жетекчилиги, кытайлык бизнесмендер жана кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: