super.kg logo

Ош шаарында Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чара уюштурулду

 

Кечээ, 30-октябрда 2-ноябрь - Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата Ош шаарында эмгектенип келе жаткан маданият кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. 

Маалыматка ылайык, салтанатка Ош шаарынын вице-мэри Иличбек Эргешов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов, маданият кызматкерлери жана шаар тургундары катышты. Анда вице-мэр маданият кызматкерлерин куттуктап, алардын шаар элине кылган кызматтары баа жеткис экендигин белгилеп өттү. “Экономикасы жок болуп туруп жашап келе жаткан мамлекеттер деле бар. Бирок маданияты жок мамлекет болуу кыйын. Ошондуктан мамлекеттин, анын ичинде Ош шаарынын да өсүп-өнүгүүсүнө маданият кызматкерлеринин салымы чоң”,- деди Эргешов.

Ошондой эле мыкты маданият кызматкерлерине Ош шаарынын Ардак грамотасы, баалуу белектер тапшырылды.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: