super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине өзгөртүүлөр киргизилди

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “КРнын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы “мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда президенттик аппараттан билдирди.

Жарлыкка Конституциянын 93, 102-беренелерине “Жогорку Сот жана жергиликтүү соттор жөнүндө” жана “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык кол коюлду.

Ага ылайык, “КРнын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин директору” кызматы “Администрациялык мамлекеттик кызмат орундары” главасынын “Жогорку кызмат орду” деген тобунун “В-А” категориясынын “Атайын мамлекеттик кызмат орундары” деген категориясына өттү. Ошол эле кезде Улук сот аткаруучу кызматы Улук кызмат орду тобунан С-Б категориясынан С-А категориясына өттү.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: