super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандык соттор Америкада өткөн "Ачык дүйнө" программасынын алкагындагы иш-чараларга катышышты

 

"Судьялар жана соттун аппарат кызматкерлери" аталыштагы "Ачык дүйнө" программасынын катышуучулары 10 күн Америка Кошмо Штаттарында болуп, кайтып келишти. Бул тууралуу 31-октябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. 

Программанын алкагында кыргыз делегациясы АКШнын Конгрессинин китепканасында өткөн маалыматтык семинарга катышты жана АКШнын Жогорку Сотунда, дүйнөдөгү жогорку окуу жайларынын алдынкы катардагылардын бири болгон Йельс университетинин юридикалык факультетинде, Хенри С.Ли атындагы Криминалистика институтунда болушуп, Нью-Хейвендеги федералдык тергөө бюросунун бөлүмү жана федералдык маршалдар кызматы менен таанышышты. 

Мындан тышкары программанын катышуучулары федералдык, штаттын апелляциялык сотунун жана Жогорку Соттун судьялары жана кызматкерлери менен жолугушуп, сот тутумуна байланышкан маселелерди талкуулап, АКШ сотторунун ишмердүүлүгү менен таанышышты. Ал жакта делегаттар үчүн сот имараттарында экскурсия уюштурулуп, андан соң катышуучулар сот отурумдарынын процесстерине катышышты. 

Келген делегаттарга прокуратура өкүлдөрү жана «Юристы без границ» уюмунун мүчөлөрү менен жолугушуу уюштурулуп, уюмдун ишмердиги жана анын кандай кызматтарды тартуулагандыгы тууралуу кабардар болушту. Сапар алкагында аткаруу бийлик бутагынын өкүлү менен да жолугушуу болуп, анда аткаруу жана сот бийлик бутактарынын ортосундагы өз ара аракеттешүү маселелери талкууланды. 

Делегаттардын урматына аткаруу бийлик бутагынын өкүлдөрү Коннектикут штатындагы Капитолий имаратынын төбөсүнө Кыргызстандын желегин көтөрүү аземин өткөрүштү. 

«Ачык дүйнө» программасынын максаты – америкалык демократиялык жана мамлекеттик институттардын ачыктыгына жана жоопкерчилигине таасир этүүчү факторлорду катышуучулар өздөрүнүн тажрыйбасы аркылуу сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берүү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: